Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 100
“Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасына таштанды ташуучу авто унаасын Лизинг аркылуу сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренелерин жетекчилике алып, “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасына ар кандай жумуштарды акткарууга “Хово” үлгүсүндөгү таштанды ташуучу авто унаасын Лизинг аркылуу сатып алууга макулдук берүү жөнүндөгү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасына Айыл Банк АА Коомунун Өзгөн филиалынан “Хово” үлгүсүндөгү таштанды ташуучу авто унаасын Лизинг аркылуу 3 7000 000 (үч миллион жети жүз миң) сом менен 8 % менен 5-жылдык мөөнөт менен алууга макулдук берилсин.
2. Өздүк салымды камсыздандыруу жана башка чыгымдарды Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылө өкмөтүнүн “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын эсебинен жалпы суммасы төлөнүп берилсин.
3. Алынып жаткан авто унаасы сөзсүз түрдө камсыздандыруу уюмдарында Лизингдин бүт мөөнөт ичинде камсыздандырылсын.
4. Айыл Банк АА Коому жана “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” МИ ортосунда түзүлүүчү Лизинг келишимдеринин шарттары жана Лизинг боюнча төлөмдөрү өз убагында жүргүзүү шарттарынын, аткарылышына кепилдик берүү максатында, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү кепил берүүчү болуп дайындалсын.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн пункуттардын аткарылышын, авто унааны сатуучу жана Айыл Банк АА Коому менен түзүлө турган келишимдер, ошондой эле Лизинг жана кепилдик келишимдерге кол тамгасын койу милдети айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго жана “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” МИ жетекчиси Н. Темировго милдеттендирилсин.
6. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жан ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |