Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 101
Акча каражатын суроо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчилике алып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кызыл-Октябрь айылындагы О. Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратынын ички жылытууларын оңдоп түзөө максатында, Ош облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Октябрь айылындагы О. Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратынын ички жылытууларын оңдоп түзөө үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан акча каражаты суралсын.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жан ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |