Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Кочкор-Ата шаардык  кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

  2023-жылдын  27-ноябры  №01-5/188

Пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүнүн 78А үйүнүн тургуну Манасов Ɵткүрбектин жеке менчигине таандык болгон Кочкор-Ата шаарынын Калинин көчөсүнүн 1/1 дарегиндеги 8074,7м2 турак жай эмес багыттагы жер тилкесинин пайдалануу багытын турак жай багытына өзгөртүп берүүгө жазган арызы боюнча жазган кайрылуу катынын негизинде шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутунудусу эске алынсын.

2.Манасов Ɵткүрбектин жеке менчигине таандык болгон Кочкор-Ата шаарынын Калинин көчөсүнүн 1/1 дарегиндеги 8074,7м2 турак жай эмес багыттагы жер тилкесинин пайдалануу багыты турак жай багытына өзгөртүүгө уруксат берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаарык Кеңешинин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

                                Н.А.Абдуразаков