Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XVIII – сессиясы

 

2023-жылдын 6-апрели № 8

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну Исабеков Алтынбек Абдукаримовичке Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын жана төш медалын ыйгаруу жөнүндө

 

Айыл тургуну С.Мамировдун кайрылуусун, А.Исабеков Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында көп жылдан бери эмгектенип келгендигин, 2010-жылдагы Ош коогалаңында, Баткен жергесиндеги үч жолку мамлекеттик чек арада куралдуу кол салуу коогалаңдарда өз мекенин коргоп активдүү катышып, эл жер үчүн зор эмгегин аябай кошуп келгендигин ошондой эле Туркияда болгон зилзалага барып 50 куткаруучунун башчысы болуп куткаруу иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүп келгендигин эске алып, Бүргөндү  айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын жана төш медалын ыйгаруу жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги  XVIII – сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.  Жаңы-Арык айылынын Б.Шарабидин уулу көчөсүнүн тургуну С.Мамировдун кайрылуусу жана айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштары эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында көп жылдан бери эмгектенип келген Исабеков Алтынбек Абдукаримовичке Бүргөндү  айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамы жана төш медалы ыйгарылсын.

3. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын жана төш медалын даярдоо, юридикалык иш кагаздарын камсыздоо, тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.

4. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын жана төш медалын даярдоо үчүн керектелген акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго жүктөлсүн.

5.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Кубатбеков