Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги
6-отуруму
2026-жылдын 16-апрель №6/2
Лизингке “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына атайын багыттагы (спец) техникаларды алуу боюнча ыйгарым укук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Амираев Бектур Мукташович Кыргыз Республикасынын белгиленген тартибине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына атайын багыттагы (спец) техникаларды алуу боюнча лизинг келишимин түзүү үчүн ыйгарым укуктуу деп табылсын.
2. Лизингке алынуучу 6 (алты) даана атайын багыттагы (спец) техникалар үчүн төлөмдөрдү аткаруу максатында, 2026-жылдан тартып, түзүлгөн график боюнча 30% суммасын облустук өнүктүрүү фондунан төлөө жолу менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө акча каражаты суралсын.
3. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы лизинг келишиминин талаптарын аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында камсыз кылуу боюнча жооптуу болуп эсептелсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |