Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги
6-отуруму
2026-жылдын 16-апрель №6/3
Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2) жана 4) пунктчаларына ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы боюнча аткарган иштери канатандыраарлык деп табылсын.
2. Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштердин кемчиликтерин жоюу жана берилген билдирүүлөр, алынган көчөттөр боюнча маалыматты 2026-жылдын 6 (алты) айлык жыйынтыгында берүү жагы айыл өкмөтүнүн коммуналдык чарба боюнча башкы адиси Т.Жээнбековго жүктөлсүн.
3. Көчө жарыгынын абалы тууралуу маалыматтарды 2026-жылдын 6 (алты) айлык жыйынтыгы менен маалымат берүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |