Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги
6-отуруму
2026-жылдын 16-апрель №6/4
Айыл аймактардагы билим берүү маекемелеринин окуу билим сапатын жогорулатуу, 2025-2026-окуу жылдардагы №23, №24, №25 орто мектептеринин предметтик олимпиядалардын жыйынтыктарынын жана ЖРТге даярдыктары, 1-4-класстардагы балдарга ысык тамак берүүнүн абалы №17, №18, №35 М.Ч.Б.М мекемесинде тарбияланып жаткан балдарга тарбия берүүдө тарбиячылардын уюштуруучулук иштеринин абалы жөнүндө
Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты, 2026-жылга ЖРТгө даярдыктары, предметтик олимпиадалардын, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалы. МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты боюнча аткарылып жаткан иштери канатандыраарлык деп белгиленсин.
2. Айыл айымагынын өкмөтүндөгү №23 М. Ташиев, №24 К. Аматов, №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектептеринин жана Күнгөй №52 баштооч мектебинин 2026-жылга ЖРТгө даярдыктары жана жыйынтыктары боюнча маалымат берүү, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалын жөнгө салуу мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. №35 МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапатын жана бала бакчанын санитардык эрежеге ылайык иш алып баруусун көзөмөлдөө жагы жана 2026-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М. Амираевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |