Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2-сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 10-апрели №2/1
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара айылындагы “Тажибай-Ата” мектепке чейинки бала бакчасындагы ата-энеси майып эки балага бир жылдык тамак-ашына 35400 сом акча каражатын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10 –августундаг “Билим берүү жɵнүндɵ” 179-мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-августундагы “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жɵнүндɵ” №532 токтомунун негизинде, Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара айылындагы “Тажибай-Ата” мектепке чейинки бала бакчасындагы ата-энеси майып эки балага 2026-жылга тамак-ашына айыл өкмөтүнүн бюджетинен 35400 (отуз беш миң төрт жүз) сом акча каражатын которуу боюнча карап, талкууга алып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара айылындагы “Тажибай-Ата” мектепке чейинки бала бакчасындагы ата-энеси майып эки балага бир жылдык тамак-ашына 35400 (отуз беш миң төрт жуз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча каражатын бɵлүп берүү жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башкы эсепчиси Г.Атамбиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |