Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2-сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 10-апрели №2/2
Отуз-Адыр айыл аймагынын Кыш-Абад айылындагы Мектеп кѳчѳсүнө татыктуу инсандын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жɵнүндɵ” Мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине, Кыш-Абад айылынын тургундарынын жыйынынын протоколун карап, талкууга алып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыш-Абад айылындагы Мектеп кѳчѳсүнө Атыкулов Миңкишинин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Э.Эшиев)
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук, административдик иштер жана мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |