Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2-сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 10-апрели №2/3
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Отуз-Адыр -Тазалык” муниципалдык ишканасынын катуу таштандыларды алып чыгуу тарифин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы №181 ”Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашып калган башка айылдарда Манас айыл аймагынын Осмон айылынын жана Ала-Тоо айыл аймагынын Тойчу айылындагы катуу таштанды калдыктарын алып чыгуу тарифин “Отуз-Адыр -Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин берген билдирүүсүн карап чыгып, талкууга алып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Отуз-Адыр айыл аймагынын башка айылдарда Манас айыл аймагынын Осмон, Ала-Тоо айыл аймагынын Тойчу айылдарындагы“Отуз-Адыр-Тазалык”муниципалдык ишканасынын катуу таштанды калдыктарды чыгаруу тарифин 250 (эки жүз элүү) сомдон бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-чараларды алып баруу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |