Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2-сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 10-апрели №2/6
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ч Эшиевдин 2025-жылдын 12-айында аткарылган иштери боюнча жасаган отчетун “канааттандырарлык” деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эшиев Элдияр Чынасбековичтин 2025-жылдын 12-айында аткарылган иштер боюнча жасаган отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |