Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2-сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 10-апрели №2/7
Отуз-Адыр айыл аймагынын Отуз-Адыр айылындагы 1280 м.кв жер аянтын социалдык багыттан өндүрүштүк багытка которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ошондой эле жер, агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Отуз-Адыр айылындагы 1280 м.кв жер аянтын социалдык багыттан өндүрүштүк багытка которууга макулдук берүү жагы каралсын.
2.Тиешелүү иш-кагазжарды алып баруу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн жана Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын корутундусуна таянып иш алып баруу жагы каралсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |