Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2-сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 10-апрели №2/8
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Колот айылындагы үлүш жер аянтын кайра бөлүштүрүү фондунун жерине жылдыруу жөнүндө
Жер Кодексинин 24-беренесинин негизинде, Кыргыp Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык ошондой эле айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисинин Сары-Колот айылына бала бакча куруу жер аянты жок болгондугуна байланыштуу жеке жарандын №981 контурундагы 0,60га сугат жер айдоо үлүш жер аянтын Ак-Колот айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун №147-контурунан 0,60га айдоо жерге жылдыруу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Колот айылындагы №981 контурундагы 0,60га сугат жер айдоо үлүш жер аянтын Ак-Колот айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун №147-контурунан 0,60га айдоо жерге жылдырууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Э.Эшиев)
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Н.Жусупов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |