Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2026-жылдын 15-апрели, № 18/1
Тилектеш айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылынын Калама участкасындагы Калама каналын айыл өкмөтүнүн менчигине кабыл алуу жөнүндө
Тилектеш айыл өкмөтүнүн орун басары Г.Мадаевдин Жаңы-Турмуш айылынын сугат суу өтүүчү Калама каналын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык,Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Турмуш айылынын Калама участкасындагы 1820 метр болгон Калама каналынын жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги деп кабыл алынсын.
2. Каналды муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |