Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2026-жылдын 15-апрели, № 18/2
Тилектеш айыл аймагынын Осоавиахим айылына курула турган спорт залдын жер аянтынын жанындагы бош жаткан жер тилкесинин багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
Осоавиахим айылына курула турган спорт залдын жер аянтынын жанындагы бош жаткан жер тилкесинин багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү Осоавиахим айылынын айыл башчысы Аскарбеков Сагынбек Аскарбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осоавиахим айылына спорт зал курула турган жер аянтына кошумча 360 чарчы метр жер аянтынын багытын өзгөртүп берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар курулушу боюнча башкармалыгынан суралсын.
2. Аталган жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |