Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2026-жылдын 15-апрели, № 18/3
Тилектеш айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын, таштандыларды чыгаруу боюнчатариф бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн «Тунук-Булак –таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Иманахуновдун таштандыларды чыгаруу боюнча элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифин бекитүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Тилектеш айыл аймагындагы айылдарда катуу тиричилик таштанды калдыктарын чыгаруу үчүн тарифти бекитүү максатында,айыл өкмөттун алдындагы “Тунук-Булак-таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин маалыматын, туруктуу комиссиянын корутундусун жана депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы токтом кылат:
1.Катуу тиричилик таштанды калдыктарын чыгаруу үчүн айыл аймагындагы айылдарда бир жумада бир жолу чыгарылып, таштанды чыгаруу тарифи ар бир айыл өкмөтүндө туруктуу жашаган жарандар үчүн 20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин жана муниципалдык ишкананын жетекчиси милдеттүү түрдө ар бир үйдүн кожо башчысы менен келишим түзсүн.
2.Таштанды чыгаруу тарифтери боюнча айыл тургундарына бир ай ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчы Ж.Өмүрзаковго тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук жана ошондой эле бюджет, салык жана финансы боюнча боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |