Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2026-жылдын 15-апрели, № 18/4
Муниципалдык ишканага Лизингке оор техникаларды сатып алууга ыйгарым укук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 633 тескемесине ылайык, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тунук-Булак-таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишкананын базасын чыңдоо, ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексизXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Мусабаев Кадырбек Арапбаевич Кыргыз Республикасынын белгиленген тартибине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен кызматтык автоунаа алуу боюнча лизинг келишимин түзүү үчүн ыйгарым укуктуу деп табылсын.
2. Лизингке алынуучу оор техникаларды алуу үчүн төлөмдөрдү аткаруу максатында, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдардагы жергиликтүү бюджетинен каражат каралсын.
3. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы лизинг келишиминин талаптарын аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында камсыз кылуу боюнча жооптуу болуп эсептелсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |