Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2026-жылдын 15-апрели, № 18/5
Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү,алардын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү жамааттардын уставдарын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 12-пунктун жетекчиликке алып, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жергиликтүү жамааттардын уставдарын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү менен айыл өкмөттө аткарууга алынсын.
3.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын негизинде жергиликтүү жамааттардын уставдарын белгилеген тартипте иштеп чыгууда жана кабыл алууда, мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктарын жана ушул Типтүү уставды жетекчиликке алуу, Агенттиктин сайтына өз учурунда жайгаштыруу, жергиликтүү жамааттардын жаңы кабыл алынган уставдарынын турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
4.Тилектеш айылдык кенешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 15/7 сандуу
Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5.Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | К.Төрөшев |