Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын
2026-жылдын 13-апрели №1
“Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын 11.08.2025-жылдагы кезектеги XI сессиясынын №8-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары К.Иманалиевдин сунушунун негизинде Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 29.05.2025-жылдагы кезектеги IX сессиясынын №5-токтомунун 3-пунктунун 5-абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Манас шаарынын Курманбек көчөсүнүн №4а/3 дарегиндеги “Аэро” жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык 3000,0 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
3. Манас шаарынын Б.Аттокуров көчөсүндөгү №66 дарегинде жайгашкан 3000,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкеси алмашуу жолу менен “Аэро” жоопкерчилиги чектелген коомуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жерди өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |