Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын
2026-жылдын 13-апрели №2
“Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын 26.12.2025-жылдагы кезексиз XXI сессиясынын №2-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Манас шаарынын мэриясынын 18.03.2026-ж. чыг.№01-18/1599 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын 26.12.2025-жылдагы кезексиз XXI сессиясынын №2-токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-4-пунктарындагы “Курманбек атындагы муниципалдык аймактык башкаруусунун Дача кичи шаарчасынын Ж.Жусупбеков көчөсү №1в дарегиндеги” деген сөздөр “М.Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык башкаруусуна караштуу Төш-Кутчу айылынын О.Макеев көчөсүнүн” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Талант у. А. |