Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын
2026-жылдын 13-апрели №4
“Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын
балансындагы мүлктөрдү өткөрүп берүү жөнүндө”
Манас шаарынын мэриясынын 25.03.2026-жылдагы чыг.№01-18/1752 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиясынын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын эски имаратындагы колдонулбаган, балансындагы мүлктөрдү 1-тиркемеге ылайык Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Мүлктөрдү өткөрүп берүүдө жана өткөрүп алууда мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жана Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ж.Байзаков) милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Талант у. А. |
| Манас шаардык депутаттар кеңешинин 13-апрель 2026-жылдагы кезектеги XXV сессиясынын №4-токтомунун 1-тиркемеси |
Өткөрүлүп берилүүчү мүлктөрдүн
ТИЗМЕСИ
№ | Аталышы | Саны | Бирдиги |
1. | Техника жана байланыш каражаттары | ||
1.1. | Компьютер (толук комплект) | 15 | комплект |
1.2. | Кондиционер | 5 | даана |
1.3. | Телефон аппараты (стационардык) | 10 | даана |
1.4. | Факс | 1 | даана |
2. | Кеңсе эмеректери (мебель) | ||
2.1. | Иш столу (ар кандай столдор) | 18 | даана |
2.2. | Офис отургучу (кара түстөгү) | 27 | даана |
2.3. | Жыгач отургуч | 2 | даана |
2.4. | Шкаф (документтер үчүн) | 6 | даана |
2.5. | Тумба | 6 | даана |
2.6. | Жумшак жана металл креслолор | 3 | даана |
3. | Чарбалык инвентарь | ||
3.1. | Жалюзи | 5 | даана |
3.2. | Мамлекеттик Герб | 5 | даана |
3.3. | Вешалка | 1 | даана |
Жооптуу катчы Г.Осмонова