Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын
2026-жылдын 13-апрели №5
“Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын 20.11.2025-жылдагы кезексиз XIX сессиясынын №1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Манас шаарынын мэриясынын 25.03.2026-ж. чыг.№01-18/1751 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиясынын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын 20.11.2025-жылдагы кезексиз XIX сессиясынын №1-токтомунун 5-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-пуктундагы “25000,0 чарчы метр бөлүгүн” деген сөздөр “32675,0 чарчы метр бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына” деген сөздөргө алмаштырылып, жаңы редакциясы төмөндөгүдөй баяндалсын:
“Манас шаарынын Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн 66 дарегинде жайгашкан (идентификациялык коду 3-10-10-1007-0038) 42700,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесинен 3200,0 чарчы метр бөлүгүн Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматтык имаратын курууга, 32675,0 чарчы метр бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Жалал-Абад аймактык бөлүмүнө жана “Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактар аралык 04-04 бөлүмүнө жаӊы административдик имарат курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.”
2.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 28.01.2026-жылдагы кезексиз XXII сессиясынын №8-токтомунун 3-4-пунктары жокко чыгарылсын.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Талант у. А. |