Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын
2026-жылдын 13-апрели №6
“Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын 08.10.2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №13-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Манас шаарынын мэриясынын 25.03.2026-ж. чыг.№01-18/1750 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиясынын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын 08.10.2025-жылдагы кезексиз XVII сессиясынын №13-токтомунун 1-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-тиркемедеги “К.Иманалиев, Б.Мурзаханов” деген сөздөр алынып, ордуна “Д.Давлянов, У.Сариев, К.Асанбаев-Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын юридикалык иштер жана комиссиялар боюнча секторунун башчысы, Б.Алдосова-Манас шаарынын мэриясынын Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусунун башчысы” деген сөздөр менен толукталсын.
2.Э.Омошев-Манас шаарынын аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.
3.Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) өз ишмердүүлүгүндө ушул токтом менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Талант у. А. |