Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын
2026-жылдын 13-апрели №7
“Манас шаардык депутаттар кеңешинин сыйлыктары тууралуу
Жобону бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, шаардык коомчулуктун алдында өзгөчө эмгеги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, илим, маданият, адабият, искусство, билим берүү, саламаттык сактоо жаатындагы, мамлекеттик, коомдук жана Манас шаарынын жашоо тиричилигинин башка чөйрөлөрүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо максатында, Манас шаардык депутаттар кеңешинин сыйлыктары тууралуу Жобону Манас шаардык кеңешинин социалдык-укуктук маселелер мыйзамдуулук депутаттык этика, ишмердүүлүк партиялар коомдук уюмдар жана жаштар иштери туризм спорт боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеңешинин төмөнкү сыйлыктары белгиленсин:
а) Манас шаардык депутаттар кеңешинин ыраазычылык каты;
б) Манас шаардык депутаттар кеңешинин Ардак грамотасы.
2. Төмөнкү жоболор бекитилсин:
а) “Манас шаардык депутаттар кеңешинин Ыраазычылык каты жөнүндө”1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
б) “Манас шаардык кеңештин Ардак грамотасы жөнүндө” 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
в) “Манас шаардык депутаттар кеңешинин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Манас шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө” - 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Манас шаардык депутаттар кеңешинин сыйлыктары Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын буйругунун негизинде Манас шаардык депутаттар кеңешинин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Манас шаардык депутаттар кеңешинин комиссиясынын чечимине ылайык тапшырылат.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин социалдык-укуктук маселелер мыйзамдуулук депутаттык этика, ишмердүүлүк партиялар коомдук уюмдар жана жаштар иштери туризм спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Талант у. А. |
| Манас шаардык депутаттар кеңешинин 13-апрель 2026-жылдагы кезектеги XXV сессиясынын №7 токтомунун 1-тиркемеси |
Манас шаардык депутаттар кеңешинин ыраазычылык каты жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Манас шаардык кеңештин ыраазычылык каты менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт.
2. Манас шаардык депутаттар кеңешинин ыраазычылык каты (мындан ары - Ыраазычылык кат) - бул майрам күндөрүнө, кесиптик майрамдарга карата жарандарды жана Манас шаарынын уюмдарынын жамааттарын жана шаардын тургундарынын келечегине тармактык ишинин багыттары боюнча белгилүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо формасы.
II. Ыраазычылык каттын сүрөттөлүшү
Манас шаардык кеңештин ыраазычылык каты А4 форматындагы (300x210 өлчөмүндөгү) ак түстөгү катуу жылтырак баракка (кошумча баракка) жол-жоболоштурулат. Барактын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө кагаздын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7 жана 5 мм аралыкта көк түстөгү кыргыз элдик оймо салтындагы орнамент жайгашкан.
Барактын ортосунан оймодон төмөнүрөөк, жогорку талаачасынын борборуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылат,
диаметри 20 мм түзүп, гербден төмөнүрөөк, 2 мм өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен, лентада баш тамгалар менен ак түстө мамлекеттик тилде "МАНАС ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ" же расмий тилде "МАНАССКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ ДЕПУТАТОВ" деген жазуу жайгашкан.
Ортодон төмөнүрөөк 2 сапта, баш тамгалар менен, "Times New Roman" шрифти менен көгүш түстө "ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ" же "БЛАГОДАРСТВЕННОЕ ПИСЬМО" деген сөздөр жайгаштырылат, андан ары барактын ортосуна баш тамгалар менен, тексттен төмөнүрөөк "Times New Roman" шрифти менен сыйлануучунун аты - жөнү, төмөнүрөөк кара түстө "Times New Roman" шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен текст мамлекеттик же расмий тилдерде көрсөтүлөт. Төмөнүрөөк кол коюу үчүн орун калтыруу менен, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын аты-жөнү жазылат, андан ары барактын он бурчуна кара түстөгү, 4 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен берилген жылы көрсөтүлөт.
Манас шаардык депуттар кеңешинин ыраазычылык каты А4 форматындагы (300x210 өлчөмүндөгү) ак түстөгү катуу жылтырак баракта айнек менен капталган сүрөтчөгө (картинка) салынат.
III. Ыраазычылык кат менен сыйлоого сунуштоо тартиби
4. Ыраазычылык кат төмөнкүлөр үчүн тапшырылат:
Олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салым, шаардык чарбаны, маданиятты, илимди, билим берүү, саламаттык сактоо, шаар куруу, монументалдык искусствону, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын жүзөгө ашыргандыгы үчүн;
Аз камсыз болгон жарандарды, жетим балдарды жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдарды социалдык жактан колдоого, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана ооруканаларды, мектептерди, приюттарды, маданий жана спорттук борборлорду, ошондой эле шаардын тургундары жана чет элдин жарандары тарабынан социалдык маанилүү шаардык объекттерди курууга багытталган кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иш үчүн;
Жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоодогу өздүк салымы, эрдиги, сатылбастыгы үчүн.
5. Ыраазычылык кат менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат тапшыруунун пландалган датасына чейин 2 жумадан кеч эмес киргизилет.
6. Ыраазычылык кат менен сыйлоого сунушталган жактар үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
кесиптик майрам же белгилүү дата учурунда - 1 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажынын болуусу;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тийиштүү кызматта 1 жылдан кем эмес эмгек стажысы менен.
7. Ыраазычылык кат менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат менен төмөнкү документтер киргизилет:
жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү;
эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо - жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими;
ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүч.
8. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө комиссияда кароосуз жеткиликтүү иштеп чыгууга документтерди кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.
9. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган кызматчыларды сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.
10. Ыраазычылык кат бир эле жакка же уюмга эки жолу берилбейт.
11. Ыраазычылык каттын бланктарын даярдоо жана сактоо укугу Манас шаардык депутаттар кеңешине гана таандык.
IV. Ыраазычылык катты тапшыруу тартиби
12. Ыраазычылык катты тапшыруу Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы, анын орун басарлары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча жооптуу катчы тарабынан Манас шаардык депутаттар кеңешинде же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда салтанаттуу түрдө жүзөгө ашырылат.
13. Ыраазычылык каттын тексти белгиленген үлгүдөгү бланкта жол-жоболоштурулат, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы тарабынан кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
14. Ыраазычылык катты даярдоо Манас шаардык депутаттар кеңешинин аппарат кызматкерлери тарабынан даярдалат.
15. Ыраазычылык каттын бланктарын сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Манас шаардык кеңештин чыгымдар сметасынын чектеринде жүзөгө ашырылат.
16. Ыраазычылык кат менен сыйлангандарды эсепке алуу Манас шаардык депутаттар кеңешинин аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жооптуу катчы Г.Осмонова