Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылыш
кезектеги XXIII сессия
2026-жылдын 16-февралындагы №10
Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин
өткөрүп берүү жөнүндө
Манас шаарынын мэриясынын 11.02.2026-жылдагы №01-18/750 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 11.02.2026-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги Курорт участкасында жайгашкан 214,0 га мисте токоюн Кара-Алма-Урумбаш токой чарбасына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган мисте токоюн максаттуу багытында пайдалануу жагы Кара-Алма-Урумбаш токой чарбасынын жетекчисине (Анарбай у Э.) милддеттендирилсин
3.Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мүлктөрдү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Манас шаардык кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |