Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын
2026-жылдын 13-апрели №10
“Манас шаарындагы муниципалдык менчиктеги турак эмес жайларды оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 07.04.2026-жылдагы чыг.№01-18/2151 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарындагы Мамыр баатыр көчөсүнүн №81 дарегинде жайгашкан муниципалдык менчиктеги турак эмес жайларды Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясына жаңы имаратынын курулуш иштери аяктаганга чейин оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Манас шаарындагы муниципалдык менчиктеги турак эмес жайларды оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүдө Манас шаарынын мэри (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |