Загрузка документа…
КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23 февралы № 4 /XV-30
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы ст.Ивановка суу менен камсыздоо тутумунун суу алуучу аянтчасына Мырзабекова Зарылдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 "Географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы ст.Ивановка айылдык суу менен камсыздоо аянтчасы “ПМК-69” суу алуучу аянтчасынын аталышын өзгөртүү жана Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы ст.Ивановка айылындагы суу алуучу аянтчасына Мырзабекова Зарылдын ысымын ыйгаруу жөнүндө ст.Ивановка айылынын тургундарынын өтүнүчүн карап чыгып.
Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-декабрындагы №47 токтомунун негизинде, ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл аймагынын аймагында географиялык объектилерди атоо жана кайра аталыштарды берүү, географиялык аталыштарды жазуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобону негизинде.
Кең-Булуң айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы ст.Ивановка суу алуучу аянтчасына Мырзабекова Зарылдын ысымы ыйгарылсын.
2. Чыгымдарды эсепке алуу, техникалык жана каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын чыгымдарын толук аткаруу жагы жакындарына милдетендирилсин;
- жаңы аталышы бар маалымат белгисин орнотууну уюштурсун;
- белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарласын.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигине жѳнѳтүлсүн.
4. Токтом каттоодон ѳткѳндѳн соң 20 күндѳн кийин күчүнѳ кирет.
5. Ушул токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
Төрага | М.С. Мурсалиев |