Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын
2026-жылдын 13-апрели №9
“Манас шаарындагы мечиттерди жер тилкелери менен
мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Манас шаарынын мэриясынын 07.04.2026-жылдагы чыг.№01-18/2142 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарындагы мечиттерди жер тилкелери менен кошо №1-тиркемеге ылайык Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Манас шаарындагы мечиттерди жер тилкелери менен мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүдө Манас шаарынын мэри (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |
| Манас шаардык депутаттар кеңешинин 13-апрель 2026-жылдагы кезектеги XXV сессиясынын №9-токтомунун 1-тиркемеси |
Манас шаарындагы мечиттер
№ | Аталышы | Мамлекеттик акт номери | Жайгашкан дареги |
1. | “Ынтымак” мечити | Б №008810 | Жалал-Абад обл., Сузак району, Таш-Булак айыл округу |
2. | “Салман фарси” мечити | Б №047532 | Жалал-Абад обл., Сузак району, Ырыс айыл өкмөтү |
3. | “Абу Бакир Сыддык” мечити | Б №008844 | Жалал-Абад обл., Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы |
4. | “Үч-Коргон” мечити | Б №018954 | Жалал-Абад обл., Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы |
5. | “Абдыганы” мечити | Б №022100 | Жалал-Абад обл., Сузак району, Ырыс айыл аймагы |
6. | “Хазрети Хизир” мечити | Б №018909 | Жалал-Абад обл., Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы |
7. | “Урта Махалла” мечити | Б №047561 | Жалал-Абад обл., Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы |
8. | “Абу Бакир Сыддык” мечити | Б№047616 | Жалал-Абад обл., Сузак району, Таш-Булак айыл аймагы |
9. | “Хазрети Хизир” мечити | ИДН №3100400031205 | Жалал-Абад обл., МАнас шаары, Кур-Кура №57 |
10. | “Төш-Кутчу” мечити | Б №039129 | Жалал-Абад обл., Манас шаары |
11. | “Хазрат Аюб” мечити | Б №000802 | Жалал-Абад обл., Манас шаары |
Жооптуу катчы Г.Осмонова