Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXV сессиясынын
2026-жылдын 13-апрели №12
“Манас шаардык депутаттар кеңешинин 20.11.2026-жылдагы кезексиз XIX сессиясынын №5-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин депутаты Дж.Мамыровдун сунушунун негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 20.11.2026-жылдагы кезексиз XIX сессиясынын №5-токтомунун 1-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун балансындагы Манас шаарынын Ашуров кичи көчөсүнүн №1/1 дарегинде жайгашкан 2077,80 чарчы метр жер аянтын (идентификациялык коду 3-10-01-0017-1669) Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин. Аталган муниципалдык жер тилкеси көп кабаттуу турак-жай курууга конкурс аркылуу берилсин.
2.Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкени берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |