Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХII кезексиз отуруму

 

2024-жылдын 19-апрели № 114

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык санын жана штаттан тышкары келишим негизинде кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акыларын бекитүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарынын жана КР Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги пилоттук режимде дминистративдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө ПЖ № 370 сандуу Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомуна ылайык Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык санын жана штаттан тышкары келишим негизинде кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акыларын бекитүү боюнча КР Министрлер Кабинетине караштууМамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 27-февралындагы №01-2563 буйругу менен бекитилген усулдук колдомосун жетекчиликке алып Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХII кезексиз отуруму алдын ала талкуулап карап чыгып, Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык саны 11 (он бир) муниципалдык кызматкер жана 4 (төрт) техникалык кызматкерге бекитилсин.

2. Куршаб айыл өкмөтүнө штаттан тышкары келишимдин негизинде кабыл алынган 6 кызматкердин 1 айлык эмгек акысы 25000сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Ушул токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

Б.Э.Жумаев