Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 256 токтомуна)
«Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алуусунун
1. Жалпы жоболор
1. Ушул «Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин (мындан ары – «Акылман» президенттик лицейи) бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алуусунун тартиби (мындан ары – Тартип) «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында (мындан ары – билим берүү уюмдары) окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын берүү жол-жоболорун, конкурстук тандоо өткөрүү тартибин, грант алуучулар менен келишим түзүү шарттарын, алар менен өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле окутуу үчүн даярдоо багыттарын аныктайт.
2. «Акылман» президенттик лицейинин чет өлкөлүк билим берүү уюмдарына кабыл алынган бүтүрүүчүлөрү, талапкер окууга кабыл алынган учурда билим берүү уюмдарынын же QS World University Rankings, Times Higher Education, US News & World Report жана Academic Ranking of World Universities (Shanghai Ranking) тарабынан жарыяланган билим берүү программаларынын дүйнөлүк рейтингдеринин алдынкы 100үнө кирсе, мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.
3. Мамлекеттик билим берүү гранты кесиптик жогорку билим берүүгө (бакалавр) 3 жылдан 6 жылга чейинки мөөнөткө жана кесиптик орто билим берүүгө даярдоо багыттары боюнча 2 жылдан 4 жылга чейинки мөөнөткө, бирок тиешелүү билим берүү уюмунун окуу планында каралган мөөнөттөн ашпаган убакытка берилет. Кесиптик орто билим берүү багыттары боюнча «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү орто жалпы билим берүү аяктагандан кийин тапшыра алат.
4. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн программалары боюнча бир окуу жылы үчүн бир билим алуучуга 50 000 (элүү миң) АКШ долларына чейин түзөт.
5. Эгерде окутуунун наркы 50 000 (элүү миң) АКШ долларынан аз болсо, төлөм окутууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүндө жүргүзүлөт; гранттын максималдуу өлчөмү менен окутуунун иш жүзүндөгү наркынын ортосундагы айырма грант алуучуга төлөнүп берилбейт.
6. Окутуунун наркы мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүнөн ашып кеткен учурда айырманы төлөө үчүн жоопкерчилик грант алуучуга жүктөлөт.
7. «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга жылдык квотасы Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу болгон даярдоо багыттары боюнча 50 талапкерди түзөт.
8. Даярдоонун артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– техникалык жана инженердик;
– медициналык;
– экономикалык;
– социалдык-гуманитардык.