ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXI СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 23-марты № 7
Таш-Булак айыл аймагынан өткөн Благовещенка көпүрөсүнөн кийинки мал базарга жетпеген жолдун күн чыгыш тарабындагы 1140 чарчы метр жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админисрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-б, 1,2,3,4,5 пп, 17п жетекчиликке алып, Ынтымак айылынын тургуну Х.Эшмуратованын 24.02.2023-жылдагы жазган арызынын жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн атайын түзүлгөн комиссиясынын актысынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 23-мартындагы кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургуну Эшмуратова Хасиятхандын арызы эске алынсын.
2. Таш-Булак айыл аймагынан өткөн Благовещенка көпүрөсүнөн кийинки мал базарга жетпеген жолдун күн чыгыш тарабындагы 1140 (бир миң бир жүз кырк) чарчы метр муниципалдык жер аянтын Х.Эшмуратовага 7 (жети) жылдык мөөнөткө убактылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Х. Эшмуратовага ижарага берилген жер аянтын, жеринде тактап, көрсөтүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Сатвалдыевге тапшырылсын.
4. Х. Эшмуратовага ижарага берилген 1140 чарчы метр (бир миң бир жүз кырк) жер аянтынын иш кагаздарын мыйзамдын негизинде даярдап, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетин көбөйтүү максатында келишим түзүп, жерди максаттуу пайдалануусуна көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовго милдеттендирилсин.
6. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы |
| М.С. Алтыбаева |