Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXIII сессиянын
2026-жылдын 16-февралындагы №11
Манас шаардык депутаттар кеңешинин 26.12.2023-жылдагы кезектеги
XXXVI сессиясынын №7-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесин негиз кылып, Манас шаарынын мэриясынын 11.02.2026-жылдагы №01-18/749 сандуу катты Манас шаардык кеӊешинин сессиясында талкууга алынып, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 26.12.2023-жылдагы кезектеги XXXVI сессиясынын №7-токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы редакцияда муниципалдык автоунаа базарынын тарифтери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына (С.Эргешов) ушул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмоновага) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаардык кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |
| Манас шаардык кеңешинин 16.02.2026-жылдагы кезектеги XXIII сессиясынын №11-токтомуна 1-тиркеме |
Муниципалдык автоунаа базарынын тарифтери
№ | Автоунаалардын жүк көтөрүмдүүлүгү жана маркасы | Жума, ишемби, жекшемби, дүйшөмбү, шейшемби | Шаршемби | Бейшемби | |
1. | Жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннадан жогору болгон автоунаалар | 50 | 100 | 250 | |
2. | Жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннага чейинки болгон автоунаалар | 30 | 100 | 200 | |
3. | Микроавтобустар | 30 | 100 | 200 | |
4. | Жеӊил автоунаалар | 30 | 50 | 150 | |
5. | Атайын бастырмада (навес) турган автоунаалар үчүн | Автоунаа бир күн токтотулуп, чыгып кете турган болсо да 300 сом төлөнүлөт. | |||
6. | Чачкынды соода жүргүзгөн соодагерлерге 1 орундук | 200 | |||
7. | Тактама | 100 | |||
Автоунаа базарынын сырт тарабына коюлган автоунаалар үчүн алынуучу төлөм | |||||
8. | Сатуу үчүн коюлган автоунаалардан алынуучу төлөм | Бейшемби күндөрү гана | 150 | ||
9. | Унаа токтоочу жайга коюлган автоунаалардан алынуучу төлөм | Бейшемби күндөрү гана | 50 | ||
Жооптуу катчы Г.Осмонова