Редакцияот 13.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 13-июну № 4

 

Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылынын тургуну Б.Аттокуров көчөсүнүн Кеңешбекова Гулмиранын сатып алган 0,02га жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25, 29-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-апрелиндеги №164-токтомдун редакциясына ылайык, Таш-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-июнундагы кезексиз XXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн тургуну Кеңешбекова Гулмиранын короосундагы ашыкча 0,02га жер аянты, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн тургуну Кеңешбекова Гулмиранын короосундагы ашыкча 0,02га жер аянты, “Лия” ЖЧКсынын баалоо комиссиясынын 2022-жылдын 18-июлундагы корутундусунун жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 12-августундагы №187-протоколунун, айылдык кеңештин жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 6-апрелиндеги актысынын негизинде 0,02га жер аянты Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн тургуну Кеңешбекова Гулмиранын жеке менчигине өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.

2. Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн тургуну Кеңешбекова Гулмиранын иш кагаздарын жана төлөмдөрүн мыйзам негизинде тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д. Алимкуловго жана жер адиси А.Сатвалдыевге тапшырылсын.

3. Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовго милдеттендирилсин.

4. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Таш-Булак айылдык

кеңешинин төрайымы

 

М.С. Алтыбаева