ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 13-июну № 5
Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылынын тургуну Б.Аттокуров көчөсүнүн Калыков Мирландын сатып алган 50,23 м2 жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25, 29-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-апрелиндеги №164-токтомдун редакциясына ылайык, Таш-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-июнундагы кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн тургуну Калыков Мирландын короосундагы ашыкча 50,23 м2 жер аянтын, "Лия" ЖЧКсынын баалоо комиссиясынын 2023-жылдын 03-мартындагы корутундусунун негизинде 50,23 м2 жер аянты Таш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Ынтымак айылынын Б.Аттокуров көчөсүнүн тургуну Калыков Мирландын иш кагаздарын жана төлөмдөрүн мыйзам негизинде тактап, сатып алган 50,23 м2 жер тилкесин өлчөп өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Алимкуловго жана жер адиси А.Сатвалдыевге тапшырылсын.
3. Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовго милдеттендирилсин.
4. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы |
| М.С. Алтыбаева |