Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXIII сессиянын
2026-жылдын 16-февралындагы №12
Манас шаарындагы автоунаа токтоочу жайларды жана автоунаа
токтотуудан алынуучу төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып, Манас шаарынын мэриясынын 11.02.2026-жылдагы чыг.№01-18/749 сандуу каты Манас шаардык кеңешинин сессиясында талкууга алынып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарындагы автоунаа токтоочу жайлардын тизмеси №1-тиркемеге ылайык бекитилсин жана автоунаа токтоочу жайлардын схемалары шаардык архитектура жана шаардык Манас шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен макулдашуу жагы Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) милдеттендирилсин.
2. Манас шаардык кеңешинин 11.02.2021-жылдагы кезектеги XXXII-сессиясынын №7-токтому жана 19.08.2014-жылдагы кезексиз XVI сессиясынын №4-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бир автоунааны токтотуудан алынуучу төлөм 30 (отуз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана 2026-жылдын 1-мартынан тартып эсептелсин
4. Автоунаа токтоочу жайларды иштетүү жана көзөмөлгө алуу жагы Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |
| Манас шаардык кеңешинин 16.02.2026-жылдагы кезектеги XXIII сессиясынын №12-токтомуна 1-тиркеме |
Манас шаарындагы автоунаа токтоочу жайлардын тизмеси
№ Муниципалдык автоунаа токтоочу жайлар
Автоунаа токтоочу жайлардын жайгашкан дареги Көчөлөрдүн кварталдык номери Ж.Бакиев көчөсү болжолдуу (базар тарап) Ж.Бакиев көчөсү болжолдуу (юг сити) Нагима Айтматов көчөсү болжолдуу (оң жак) базар тарабы Нагима Айтматова көчөсү болжолдуу (сол жак) тарабы Нагима Айтматова орентир (эски мериянын жамбаш тарабы) Д.Малашов көчөсү болжолдуу (строй маркет базар) К.Жуматаев көчөсү болжолдуу (Он тарабы ) К.Жуматаев көчөсү болжолдуу ( Гор больницага киребериш тарабы ) Т.Байзаков проспекти болжолдуу (Байэл базары ) Токтогул кочөсү болжолдуу (дача стоянка) Токтогул көчөсү болжолдуу (курорт стоянка) Жооптуу катчы Осмонова Г.О. |