Редакцияот 23.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIII кезексиз отуруму

 

2024-жылдын 23-майы № 121

 

Куршаб айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө 

 

 

«Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Куршаб айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына түзөтүү (корректировка) материалдарын Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Куршаб айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары бекитилсин.

2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Б.Э.Жумаев