Редакцияот 23.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIII кезексиз отуруму

 

2024-жылдын 23-майы № 122

 

Таза суу комиссия курамын бекитүү жөнүндө 

 

 

Куршаб айылынын тургундарынын таза суу ЕБРР проектиси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлгө алуу боюнча маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Таза Суу ЕБРР проектиси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлгө алуу боюнча төмөнкүдөй комиссия курамы түзүлсүн: Жумаев Б, Шермаматов К, Эрматова Г, Бекатов Ш, Каратаева А, Сабытбек уулу Б, Бакыев Улук, Бегматова Айсалкын, Матисаев Таалай.

2. Комиссиянын максаты төлөмдөрдү топтолушу жана чыгымдалышы, техникаларды инвертизация, техникаларды кандай багытта иштетилиши, кызмат орундарынын иштеши тууралу жыйынтык чыгарсын.

3. Токтомду аткаруу жагы комиссия курамына жүктөлсүн.

4. Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Б.Э.Жумаев