ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 24-октябры № 6
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын А.Каримбеков көчөсүнүн №21-үйүнүн тургуну Юсупова Опалдын арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-б, 1,3,5,17пп жетекчиликке алып, Таш-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-октябрындагы кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургуну Юсупова Опалдын жазган арызы эске алынсын.
2. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында ишкердикти колдоо жана жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү максатында Ынтымак айылынын А.Каримбеков көчөсүнүн №21-үйүнүн тургуну О.Юсупова үйүнүн жанындагы муниципалдык менчикте турган 30м2 (отуз) чарчы метр жер аянты жеке менчикке баалоо аркылуу мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
3. Юсупова Опалга 30 (отуз) чарчы метр, жер аянтын өлчөп максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер адиси А.Сатвалдыевке тапшырылсын.
4. Юсупова Опалга жергиликтүү бюджетке мыйзамдын негизинде төлөмдөрдү төлөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы |
| М.С. Алтыбаева |