Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он бешинчи сессиясы
2026-жылдын 05-февралы № 2
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айынын бюджетинин аткарылышы, 2026-жылга бюджеттин, 2027-2028-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү
жөнүндө
Ала-Тоо айылдык аймагынын 2025-жылдын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 12 айга аткарылышы жана 2026-жылдын бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрү менен бекитүү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Абдиллажанова Рабия билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, алар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Ала-Тоо айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин кирешелери план боюнча 83439,6 миң сом болгон болсо, өзгөртүүлөрү менен 12 айга 119219,9 миң сомду, ал эми чыгашалар план боюнча 83439,6 миң сом болгон болсо өзгөртүүлөрү менен 113339,0 миң сомду түзүп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен аткарылышы белгиленсин.
2.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин атайын каражаттары план боюнча 31750,0 миң сом болсо, өзгөртүүлөрү менен 12 айга 28974,8 миң сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 27188,2 миң сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3.”Аал-Тоо Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдагы бюджетинин кирешелери план боюнча 3700,0 миң сом болсо, ал эми чыгаша бөлүгү 1359,1 миң сомду түзгөндүгү белгиленсин.
4.2026-жылга Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 88964,6 миң сом, чыгашалары менен 88964,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5.2026-жылга Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн бюджети атайын каражаттардын кирешелери жана чыгашалары менен 32448,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2026-жылдын 1-январына калдык кирешелери жана чыгашалары менен 5900,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражаттардын 2026-жылдын 1-январына калдык кирешелери жана чыгашалары менен 1786,6 миң.сом өлчөмүндө бекитилсин.
8.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2026-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте каралган статьяларга (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш) ылайык каржылануусу белгиленсин:
- Башкаруу аппаратына - 22421,3 миң сом:
- Айылдык кеңеш - 1194,8 миң сом;
- Айыл чарбасы (Жайыт комитети) - 533,3 миң сом;
- Турак-жай ж-а коммуналдык кызматтар - 36107,8 миң сом;
- Маданият тармагына - 6317,4 миң сом;
- Билим берүү тармагына - 18800,0 миң сом;
- Социалдык камсыздоого - 3590,0 миң сом;
- Атайын каражаттар - 32448,0 миң сом;
Баары: 121 412,6 миң сом.
9.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штат бирдиги - жалпы саны 35: Аппарат кызматкерлери-14, тейлөөдөгү кызматкерлер-5, келишимдин негизинде айыл башчылары -11, келишимдин негизиндеги адис - 8, айылдык кеңештин төрагасы - 1, айылдык кеңештин катчысы - 1, жана тейлөөдөгү кызматкерлер - 1, андан тышкары маданият кызматкерлери - 28, анын ичинен тейлөөдөгү кызматкерлер - 12 бирдиктери бекитилсин.
10.Айыл өкмөтүнө чыгаша сметаларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип туруу укугу берилсин жана көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарынан тышкары зарыл болгон чыгымдар кирешенин кошумча булактарынын эсебинен аткарууга уруксат берилсин.
11.Айыл өкмөтүнүн кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө жергиликтүү жана атайын каражаттардын долбоору:
- 2027-жылга - 127 482,6 миң сом;
- 2028-жылга - 133 857 ,0 миң сом.
12.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |