Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он бешинчи сессиясы
2026-жылдын 05-февралы № 3
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 29-январындагы №02-131 сандуу чыгыш каты жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаева айылдык кеңештин депутаттарынаКара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 29-январындагы №02-131 сандуу чыгыш катында көрсөтүлгөн Ала-Тоо айыл аймагынын Жар-ооз айылынын жана Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылдары менен биргеликте, Жаңы-Турмуш айылынан Жар-ооз айылы аркылуу райондун борбору Кара-Суу шаарына чейин атайын жүргүнчүлөрдү ташып тейлөө үчүн атайын маршруттук каттамдарды ачып берүү боюнча жазышкан коллективдүү арыздары менен тааныштырып маршруттук каттамдарды ачып берүүнү сунуштады.Айылдык кеңештин депутаттары бул маселени кеңири карап талкуулап чыгышып, алардын муктаждыктарын эске алуу менен элдердин арызын канааттандыруу максатында айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Жар-ооз айылы менен Баш-Булак айыл өкмөтү менен чектеш жайгашкан Жаңы-Турмуш айылдарына чектеш Жаңы-Турмуш айылынан Жар-ооз айылы аркылуу Кара-Суу шаарына чейин жүргүнчүлөрдү ар дайым тейлеп кызмат көрсөтүү үчүн атайын маршруттук каттамды ачууга макулдук берилсин.
2.Калктын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн аталган айылдардан Кара-Суу шаарына чейин маршруттук каттамдарды уюштуруу чарасын көрүү жагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун бир нускасы райондук мамлекеттик администрациясынын экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |