Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он бешинчи сессиясы
2026-жылдын 05-февралы № 4
Ала-Тоо айыл аймагында муниципалдык суу чарба ишканасын
түзүү жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаеванын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын Кара-Суу райондук суу чарба башкармасынын 2026-жылдын 26-январындагы №01-4/46 сандуу катында 2026-жылдын сугат мезгилинде суу пайдалануучуларды сугат суу менен камсыздоо үчүн берилүүчү сугат суунун планын эсептөө жана сугат суунун кызмат акысына келишим түзүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтому менен тааныштырып, Ала-Тоо айыл аймагында муниципалдык суу чарба ишканасын ачуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагында суу чарба муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берилсин.
2.Муниципалдык суу чарба ишканасын ачуу боюнча иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо, ишкананын ишмердүүлүгүгүн алып баруу үчүн атайын жетекчисин дайындоо жана аткарылган иштер боюнча Кара-Суу райондук суу чарба башкармасына маалымат берип туруу жактары айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдук бир нускасы Кара-Суу райондук суу чарба башкармасына жеткирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |