Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он бешинчи сессиясы
2026-жылдын 05-февралы № 6
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн “Ала-Тоо жайыт” муниципалдык ишканасынын иш планын жана жайыт пайдалануучулардан топтолуучу акча каражаттарынын
тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн “Ала-Тоо жайыт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.К.Эшмаматов ишкананын түзүлгөн иш планын жана айыл аймагында жайыт жерлерди пайдалангандыгы жөнүндө тарифтерди бекитип берүүнү сунуштады. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндөгү” токтомуна, Жер Кодексинин 2-беренесинин 20,22 пунктарына ылайык, депутаттар кеңири талкуулап чыгышып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн “Ала-Тоо жайыт” муниципалдык ишканасынын иштелип чыккан иш планы бардык пунктары менен бекитилсин.
2.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт жерлердин пайдалангандыгы жөнүндө тарифтер №1 жана №2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3.Түзүлгөн иш планын негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жайыт муниципалдык ишканасынын жетекчисине тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |