Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он бешинчи сессиясы
2026-жылдын 05-февралы № 8
Жоош айыл аймагы менен Ала-Тоо айыл аймагынын ортосунда жер
алмашуу жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Топчубаева, Жоош айыл аймагы менен Ала-Тоо айыл аймагынын ортосунда жер алмашуу жөнүндөгү маселени карап берүү боюнча, Жоош айылдык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясынын 2026-жылдын 30-январындагы №12/5 Жоош айыл аймагы менен Ала-Тоо айыл аймагынын ортосунда жер алмашуу жөнүндө депутаттардын макулдук берилген токтомун Ала-Тоо айылдык кеңештин депутаттарына тааныштырды. Ушундай эле мазмунда бизге өткөрүп бере турган Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ”Кыргызмамжердолбоорлоо”жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын катынып негизинде көрсөтүлгөн, төмөндөгү контурлардагы жалпы 24,17 га жер аянтын башма баш которуп алмаштыруу үчүн Ала-Тоо айылдык кеңештин депутаттары тарабынан макулдук берүү керектигин айтты. Депутаттар Жоош айыл аймагынын Бирдик айылында жайгашкан 24,17 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, тең мерчемдүү жер аянтын айыл аймагынын башка жерде жайгашкан жерге алмаштырып өткөрүп алуу боюнча жыйынтыкка келишти. Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтү менен Жоош айыл өкмөтүнүн ортосундагы жер алмашуу маселеси,Кыргыз Республикасыньн Жер кодексине жана Министирлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ”Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын катынын негизинде көрсөтүлгөн, төмөндөгү Бирдик айылында жайгашкан контурлардагы:
352 контурдан- 0,91 га
355 контурдан- 0,75 га
357+359 контурдан- 20,16 га
360 контурдан - 1,22 га
361 контурдан - 0,85 га
362 контурдан - 0,28 га, жалпысы болуп тең мерчемдүү 24,17 га жер аянтын Жоош айыл аймагынын башка жерлерде жайгашкан жерлерден алмашууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы Бирдик айылында жайгашкан контурлардагы тең мерчемдүү 24,17 га жер аянты атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде мыйзам чегинде өткөрүп алуу жагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |