Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XV сессиясынын
2026-жылдын 27-ноябрындагы №58
Бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн 9 айлыктын аткарылышын боюнча маалыматын угуу.
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн 9 айлыктын аткарылышын боюнча маалыматы угуулгандыгы белгиленсин.
2.Каргалык айылдык кеңешинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында кабыл алынган кезектеги XIV сессиясынын №51 токтомунун 3,4,5,6,7 - пункттары жана 9 - пункту толук кандуу аткарылбагандыгы эске алынсын, жылдын жыйынтыгы менен аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго тапшырылсын.
3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |