Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XV сессиясынын
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 59
Айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айыл аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандарды жылдын жыйынтыгы менен сыйлоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айыл аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын иштерине баа берилип, аныкталгандыгы белгиленсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымына милдеттендирилсин .
Төрага | Т.И.Токтоболотов |