Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XV сессиясынын
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 60
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-ноябрындагы №01-6/1127 чыгыш сандуу катын кароо (мал айдап өтүүчү жолду башка контурга которуу) жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча » туруктуу комиссиясынын төрагасы Жолокеев Нурадил Турсунбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Нарын-Казарман-Манас 2-категориядагы автоунаа жолун кеңейтүү жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу, жашылдандыруу-көрктөндүрүү максатында, №101 контурдагы Казарман айылындагы мал айдап өтүүчү жолду башка контурга которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Тогуз - Торо мамлекеттик администрацияга сунушталсын.
3.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго жүктөлсүн.
4.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |