Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27- ноябрындагы №61
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-ноябрындагы №01-6/1120 чыгыш сандуу катын кароо (беренеден беренеге жылдыруу)
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата 11111100 төлөө кодуна эмгек акыдан алынуучу киреше салыгынан ашыкча түшкөн 2700,0 (эки миллион жети жүз миң) сомду жана 14511400 төлөө кодуна инфраструктураны өнүктүрүү салыгынан 600,0 (алты жүз миң) сом, бардыгы болуп 3300,0 (үч миллион үч жүз миң) сом төмөндөгү беренелерге жылдырылып берилсин:
Башкаруу тармагынан 2215 ар кандай чыгымдар беренесинен “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына муниципалдык заказды аткарууга - 542,5 (беш жүз кырк эки миң беш жүз ) сом , топосъемка жасатууга - 918,4 (тогуз жүз он сегиз миң төрт жүз) сом, 2511 субсидия беренесинен “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын ар кандай чыгымдарына 1487,3 (бир миллион төрт жүз сексен жети миң үч жүз) сом, Чет-Булак айылынын айылдык мончосун оңдоп түздөөдөн өткөрүүгө 3111 - курулмаларды куруу беренесине 237,2 (эки жүз отуз жети миң эки жүз) сом жалпы башкаруу тармагына 3185,4 (үч миллион бир жүз сексен беш миң төрт жүз) сом,
Билим берүү тармагына (бала бакча) - Күнчубак бала - бакчасына кир жуугуч машина жана ашканасынын өрт коопсуздугун сактоо максатында 2221 учурдагы оңдоп түздөө беренесинен - 64,0 (алтымыш төрт миң) сом,
Маданият тармагына (клуб) - Чет-Булак айылындагы айылдык клубга 2222-чарбалык товар алуу (жылытчычтарды алууга) беренесине - 50,6 (элүү миң алты жүз) сом, бардыгы болуп -3300,0 (үч миллион үч жүз миң) сом акча каражаты беренелерге отургузулуп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |