Редакцияот 09.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү XXVIII сессиясы

 

2023-жылдын 9-ноябры № 28/1

Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Дөбө айылынын Мусаев 54а  көчөсүндөгү жаңы курулуп бүткөн ФАПка ысым ыйгаруу жөнүндө

          Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттары "Кыргыз Республикасынын  географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын  7-беренесинин жана  КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4 абзацыны негизинде Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары токтом кылат:

1.Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Дөбө айылындагы жаңы курулуп бүткөн  “Кум-Дөбө” айылдык №5 Үйбүлөлүк Дарыгерлер Тобу  болуп аталсын.

2. “Кум-Дөбө” айылдык №5 Үйбүлөлүк Дарыгерлер Тобу  деп жазылып, өздүк мөөрүн алуу, тактаны илдирип орнотуу жагы Кум-Дөбө айыл башчысы К.Турусбековго тапшырылсын.

3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, каттоодон өткөрүү жагы айыл башчы К.Турусбековго милдеттендирилсин.

 Төрага

 

М.Чолпонкулов