Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XV сессиясынын
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 62
Тогуз - Торо районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Каргалы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Районубуздун социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон алгылыктуу салымы жана жетишкен ийгиликтери үчүн Каргалык айыл аймагынын тургуну, “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги” төш белгисинин, Тогуз-Торо мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасынын”, Азия өнүктүрүү банкынын “Ардак грамотасынын”, Россия мамлекеттик думасынын бирдиктүү Россия фракциясынын “Ардак грамотасынын” Кыргыз Республикасынын аялдар конгрессинин “Ардак грамотасынын”, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Ардак грамотасынын”, Райондук аялдар кеңешинин “Датка айым” наамдарынын ээси, учурда ардактуу эс алууда жүргөн Мойдунова Салидат Тотуевна Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
2. Районубуздун билим берүү тармагына кошкон зор салымы жана жетишкен ийгиликтери үчүн Каргалык айыл аймагынын тургуну, Тогуз - Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасынын”, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличнигинин, Жалал- Абад облустук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасынын”, Билим жана илим профсоюз кыймылынын отличниги наамдарынын ээси, учурда ардактуу эс алууда жүргөн Ясынова Эркин Бердалиевна Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
3.Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |